super.kg logo

Борбордо Шабдан баатырдын 175 жылдыгына карата иш-чара болуп өттү

 

19-ноябрда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда кыраакы саясатчы, мыкты дипломат, кеменгер башкаруучу Шабдан баатырдын 175 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү.

Иш-чараны КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри А.Максүтов ачып берди. Мамлекеттик деңгээлде белгиленип жаткан мааракени уюштуруу комитетинин төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаттары, КРнын Биринчи вице-премьер-министри Т.Сарпашев сөз сүйлөштү. 

Иш-чарада Шабдан баатырдын калыстыгы, айкөлдүгү, берешендиги белгиленип, кыргыз эли бычактын мизинде, найзанын учунда турган кыйын кырдаалда көрөгөчтүгү, эрктүүлүгү менен эл-жердин бүтүндүгүн сактап келген көсөмдүгү айтылды. 

Шабдан баатыр сыяктуу улуу инсандар кыргыздын атагы да, даңазасы да, жүзү да болуп берет деген эл өкүлдөрү баатыр тууралуу тасма тартыла тургандыгын, анын жогорку деңгээлде тартылышы үчүн керектеле турган каражат маселесин чечип берүүнү суранышты. 

Салтанаттуу жыйын Шабдан баатырдын өмүрүнүн урунттуу учурларын чагылдырган театрлаштырылган оюн жана филармониянын чыгармачыл жамааты катышкан ири концерт менен аяктады. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: