super.kg logo

Бишкекте 19-ноябрга карата биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандардын саны 46 миңге чукулдады

 

Биометрикалык маалыматтарды чогултуу иштери башталган 20-октябрдан бери Бишкек шаарында 45 511 жаран маалыматтарын тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө каттоо иштери шаардын бардык райондорунда жана мамлекеттик мекемелерде кызуу жүрүп жатат. 19-ноябрда биометрикалык маалыматтарды чогултуу иш-чаралары КРнын Каржы министрлигинде башталды. Ошондой эле калктын маалыматын чогултуу иштерин шаардык мэрия жана Свердлов райондук администрациясы улантууда. Андан тышкары төмөнкү ЖОЖдордо да иштер жүрүп жатат:

1. Ж.Баласагын атындагы КУУ (8-корпус)

2. И.Раззаков атындагы КМТУ

3. К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети

4. М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети

5. Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети

6. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филиалы (10-кичи район)

7. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы

8. Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети

9. Туризм академиясы

10. Президенттин алдындагы Башкаруу академиясы






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: