Депутат Нурлан Төрөбековго байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгын кароо артка жылды
Жогорку Кеңеш бүгүн, 20-ноябрда депутат Нурлан Төрөбековго байланышкан ишти иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгын кароону кийинки аптага жылдырды. Комиссиянын мүчөсү Мурадыл Мадеминовдун билдиришинче, комиссиянын төрагасы Курманбек Дыйканбаев учурда иш сапарында жүрөт. Ушундан улам маселени кароону артка жылдыруу сунушталып, парламентте колдоо тапты.
Быйыл 9-октябрда депутаттык комиссия түзүлүп, ага ар бир фракциядан бирден депутат кирген. “Ар-намыс” фракциясынан Майрамкүл Тиленчиева, “Ата Мекен” фракциясынан Райкан Төлөгөнов, “Ата Журттан” Кантемир Мурзабеков, КСДПдан Мурадыл Мадеминов, “Республикадан” Курманбек Дыйканбаев кирген.
Эскерте кетсек, Нурлан Төрөбековго "жасалма диплом пайдалануу" фактысы боюнча Башкы прокуратура сентябрдын аягында кылмыш ишин ачкан эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

