super.kg logo

Бишкекте таксисттин кызматы үчүн жасалма доллар төлөп жүргөн жаран кармалды

 

Бишкекте таксисттин кызматы үчүн жасалма доллар төлөп жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 20-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, күч органдарына таксист болуп иштеген айдоочу кайрылган. Анда ал жашы 25-30 чамасындагы адам такси кызматы үчүн жасалма акча төлөгөнүн айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Кара-Балта шаарынын 1989-жылы туулган тургуну кармалган. Анын айтымында, ал таксисттерге жасалма 200-400 доллар салынган конвертти берип, "кармап туруңуз, азыр келем" деп качып кетчү. Ушул сыяктуу 20 фактыга тиешеси бар экенин моюнуна алган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: