super.kg logo
  Саясат  

Бишкектеги "акылдуу" эсептегичтер электр кубатын туура эмес эсептеп жатыптыр

 

Бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эркин Сакебаев борбор шаарга орнотулуп жаткан электр энергиясы боюнча "акылдуу" эсептегичтер туура эмес эсептеп жатканын шайлоочуларга шилтеме берүү менен билдирди. Абонент пайдаланган электр кубаты үчүн мурда төлөп келген сумма менен "акылдуу" эсептегич орнотулгандан кийинки суммада айырма чоң болуп жатканын айтат депутат. "Бир аксакал эски эсептегич менен "акылдуу эсептегичтин" айырмасы чоң болуп жатканын айтып арызданды. Ал буга чейин айына 400 сомдук свет колдонуп жаткан экен, жаңы эсептегич коюлгандан бери акчасы 1200 сомго чейин чыгып жатыптыр. Эмне үчүн мындай болот?"- деди Сакебаев өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө. 

Миңдеген "акылдуу" эсептегичтердин 10 чактысы гана мамлекеттик стандарттан текшерилерин кошумчалады депутат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: