Абдырахман Маматалиев Коргоо министрлигинин планды аткаруусуна ыраазы
Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 20-ноябрда күч түзүмдөрү тармагындагы министрликтер менен мекемелердин пландарынын аткарылышын текшерди. Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев менен жолугушууда вице-премьер-министр пландын бардык пункту аткарылганын белгиледи. Мындан тышкары, Коргоо министрлиги менен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын ыйгарым укуктарын так бөлүштүрүү, мыйзамдагы карама-каршылыктарды жоюу иштерин улантууну тапшырды.
Маматалиев Куралдуу күчтөрдүн кызматкерлеринин аскердик формаларын гана эмес, башка күч түзүмдөрүндө иштегендерди форма менен камсыздоо керектигин, аскердик курамда адам өлүмүнө жол бербөө зарылдыгын кошумчалады.
Вице-премьер башка органдардын жетекчилеринин да маалыматын угуп, кемчиликтерди белгиледи жана жакшы иштерди мындан ары да улантуу тапшырмаларын бергенин бүгүн өкмөттөн билдиришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

