super.kg logo
  Саясат  

"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча тендердин экинчи туру 1-декабрда өткөрүлөт

 

"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча тендердин экинчи туру 1-декабрда өткөрүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 20-ноябрдагы жыйынында ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. 

Анын айтымында, Бишкекте "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга ниеттенген 8 талапкер компаниянын саны үчкө кыскарды. Айта кетсек, аталган долбоор ишке ашса, өлкөдө автоматташтырылган видеобайкоо, фото жана видеофиксация системи иштеп баштайт. Ошондой эле каттоонун бирдиктүү электрондук борборун түзүү жагы каралган

Бул жарандардын кайрылууларына ыкчам чара көрүү боюнча укук коргоо органдарынын, Башкы прокуратуранын ишинин натыйжалуу болушуна шарт түзмөкчү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: