super.kg logo
  Саясат  

Бишкек жана Ош шаарларына видеобайкоо орнотуу боюнча мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди

 

Жогорку Кеңеште Бишкек жана Ош шаарларынын тургундарынын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоору каралууда. Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбооруна ылайык, Бишкектин бардык мекемелери менен ишкаканаларына видеобайкоо жабдууларын орнотуу милдеттендирилет. Видеожабдуулар ошол мекеме жайгашкан жерде сырткы көзөмөл жүргүзүү үчүн пайдаланылат. Жабдууларды орнотуу жана анын ишин координациялоо милдети ИИМге жүктөлүп жатат. Видеожабдуунун баасы болжол менен 500-600 доллар өлчөмүндө болот.

Видеобайкоо жабууларын орнотуу мамлекеттик мекемелер үчүн республикалык бюджеттен, муниципалдык мекемелер үчүн жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Ал эми жеке менчик ишканалар өз каражатынын эсебинен орнотот. Болжол менен Бишкек жана Ош шаарларында 27 миллион сом талап кылынат. Видеого тартылып алынган тасмаларды укук коргоо органдары гана сурап алууга акылуу. Бул чаралар ишке ашырылып калса, кылмыштардын эки эсеге чейин кыскаруусу күтүлөт. Мыйзам долбоорлору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: