Ош технологиялык университетинде кыргыз-казак байланыштары талкууланды



Академик Муса Адышев
атындагы Ош технологиялык университетинде “Кыргыз-казак байланыштары” аттуу
тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу 19-ноябрда аталган окуу жайдан билдиришти.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Иш-чараны университеттин экономика жана башкаруу
факультетинин мамлекеттик башкаруу жана эл аралык мамилелер кафедрасы
уюштурган. Ага Казакстан
Республикасынын Оштогу консулу Мухан Маделханов, окутуучулар жана
студенттер катышышты.
Тегерек столдун негизги максаты эл аралык мамилелер
адистигинде окуп билим алышкан студенттер менен консулдарды жолуктуруп,
студенттердин окууга болгон кызыгуусун жандандыруу болуп саналат. Мухан Маделханов кыргыз-казак байланыштары тууралуу
маалыматтарга кеңири токтолуп, студенттердин актуалдуу суроолоруна жооп берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.