Кыргыздын алыш күрөшү Азия оюндарынын программасына киргизилди
Кыргыздын алыш күрөшү 2014-жылы Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өтө турган Азия оюндарынын программасына киргизилди. Бул тууралуу спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү борборунун директору Алмазбек Касенов бүгүн, 31-январда маалымат жыйынында билдирди. “Оюн ийгиликке жетише ала турган болсо, алышты Азия оюндарынын программасына туруктуу негизде киргизүү чечими кабыл алынат”,- деди Касенов. Ошондой эле алышты Казань шаарындагы Бүткүл дүйнөлүк Универсиаданын программасына киргизүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жаткандыгы белгилүү болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
3

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.