super.kg logo

Өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн жаңы курулган абактан бир да кылмышкер кача албайт (фото)

 
Абактын ачылышында кызыл тасма кесилди.
Кылмышкерлердин сейилдөөчү жайы.
Кылмышкерлердин сейилдөөчү жайы.
Кылмышкерлердин сейилдөөчү жайы.
Жаңы курула турган абак. Эгер керектүү каражат табылса, ал да салынып калса, бул абакка 500дөй кылмышкер батат.
Бул камераларда өмүр бою эркинен ажыратылган кылмышкерлер өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин болушат.
Камералардын ичиндеги эмеректердин баары өмүр бою эркинен ажыратылган кылмышкерлердин колу менен жасалган.
Ар бир камеранын ичинде кылмышкерге жетиштүү шарттар каралган.
Кылмышкерлер өздөрү кийчү кийим-кече жана шейшеп, жаздык каптарын да өздөрү тигишкен.
Өмүр бою эркинен ажыратылган кылмышкерлердин жаңы абагы 4 кабаттуу жана ичинде бардык шарттар каралган.
Кылмышкерлерге карата жазылган эрежелер.
Кылмышкерлерге карата жазылган эрежелер.
Кылмышкерлерге карата жазылган эрежелер.
Кылмышкерлерге карата жазылган эрежелер.
Кылмышкерлерге карата жазылган эрежелер.
Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Советбек Арбаев.

"Буга чейин абактардан кылмышкерлердин качуу фактылары болуп келген. Бул жаңы салынган абактан бир да кылмышкер кача албастыгына мен кепилдик берем",- деп билдирди бүгүн, 20-ноябрда Жаңы-Жер айылындагы өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн жаңы абактын ачылышында Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Советбек Арбаев.

Бүгүнкү күндө өлкөдө 200дөн ашуун өмүр бою эркинен ажыратылган кылмышкер бар. Бирок, тилекке каршы, алардын саны жыл санап өсүүдө. Ачылып жаткан жаңы абак Кыргызстандагы алгачкы өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн курулган мекеме болуп саналат. Буга чейин оор жана өтө оор кылмыш жасаган кылмышкерлер ар кайсы түзөтүү мекемелеринде 50дөн, 100дөн бөлүнүп жазасын өтөп келишкен. Жаңы абакка 60 жашка чейинки өмүр бою эркинен ажыратылган кылмышкерлер жана "террорчулук" беренеси боюнча эркинен ажыратылгандар жайгаштырылат. Мыйзамга ылайык, аял кишилер жана 18 жашка чейинки өспүрүмдөр өмүр бою эркинен ажыратылбайт, ошол себептен улам бул жакта жалаң эркектер болот”,- дейт С.Арбаев.

Анын айтымында, 200 кылмышкерди кайтарууга 100гө жакын атайы кызматкер керек. Кайсы күнү алар аталган мекемеге бөлүнүп берилсе, ошол күндөн баштап абак ишке берилмекчи. Учурда аталган абактын биринчи корпусунун курулуш иштери толугу менен бүткөрүлдү. Ошол эле абактын жанында дагы бир корпусунун курулушу пландалууда, бирок азырынча ага каражат жок. Эгер ал да курулса, аталган абак 500дөн ашуун өмүр бою эркинен ажыратылгандардын баш калкалоочу жайы болот.

“Ар бир камеранын ичинин аянты 18 чарчы метрди түзүп, ага 4 кылмышкерден жайгаштырылат. Күнүгө алар мекеменин ичинен 1,5 сааттан сейилдөөгө атайын жай курулган, ал 4-кабатта жайгаштырылды. Алардын үстүнөн биздин кызматкерлер көзөмөлдөп турушат”,- дейт С.Арбаев.  

Белгилүү болгондой, абактын курулуш иштери 2007-жылы башталып, анын курулуш иштери 7 жылга созулду. Ага жалпы 347 миллион сом сарпталган. Абактын ачылышына тиешелүү мекеме жетекчилери, журналисттер катышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
20.11.2014. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
эч ким качан албаганы жакшы экен,бирок кош колдоп озунор узатып койбогула кылмышкерлерди.
20.11.2014. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кандай кана зоокурлор, жан кечтилер, террористер жатат экен да, ээй ар кандай тагдырлар темир тор артында отуудо, кандай кана окунучтуу.
20.11.2014. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
эчким качалбайт биз озубуз килем салып качырабыз прямо аэропортко
20.11.2014. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
""Кылмышкерлерге карата жазылган эрежелер"" деген кагазды окусанар Ээ айланайын бир да кыргызча жузу жок. Же эмне кыргызстандагы кылмышкерлер жалан Гана орустарбы же ал жерде жалан орустар жатабы? админ мен болунойн дебейм бирок бул туура эместа. Кыргыз тилин онуктуробуз деп тош кагабыз. Кана биздин тил Кана биздин абийр Кана биздин салт Кана биздин эне тилибиз.
20.11.2014. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Kairatmyn, omur boju erkinen ajyratylgandan bashkalar ele sujloshsunchu kyrgyzcha
20.11.2014. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биро айтышы же Жооп жазышы мумкун . Бойроктон шыйрак чыгарыпсын болгону бир кагазго деп. Менин оюму ким тушунсо мага Жооп жазбайт. Оба бир кагаз болгону бирок эне тил деген ушул бир кагаздан башталат. Ушуну унутпайлы урматтуу кыргызым.
20.11.2014. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kairatmyn, туурале айттыныз +100000
21.11.2014. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kairatmyn, оюму эмес оюмДу деп биринчи озундон баштасан!
20.11.2014. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ар бир адам баласынын ыйманы бай болуп,мындай жерлерге тушуп калуудан Жараткан озу сактасын!
20.11.2014. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кинодогудай го ичи)))),омуру откончо буларды окмот багат да,жылуу жумшак жашашат,ичкен,жаткан жери бар,а кочодо калган байкуш бомждор кочодоле олуп кете берет.Оор кылмыш жасагандарга "олум жазасын"киргизсе,колдойт элес.Чем мынтип буларды баккандан коро!
21.11.2014. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Качам десе качып кетет, бирок ошончо даярдык коруп качып чыккыча сотко биртке акча бердирсе чечимин озгортуп актап жиберет, эч болбой баратса турмо кызматкерлерине акча берип качып чыгып кетет "Побег из тюрьмы" киносундагыдай качуунун татаал операциясын ойлоп отурбай эле...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: