super.kg logo

Жалал-Абадда Облустук балдар чыгармачылык борборунда жыйындар залы ачылды

 
Бүгүн, 20-ноябрда Жалал-Абад шаарындагы Облустук балдар чыгармачылык борборунун жыйындар залынын ачылыш аземи болду. Эл аралык долбоордун колдоосунун негизинде үч айдын ичинде зал жалпы оңдоп-түзөөдөн өтүп, бүгүнкү күндө колдонууга берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жалпысынан 9 миң доллар акча каражаты сарпталган. Салтанатка ЮСАИДдин Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрү жана мекеме-уюмдардын жетекчилери, мугалимдер, окуучулар катышты. Иш-чара таланттуу балдардын ыр-бий өнөрлөрү менен коштолду. Бул балдар чыгармачылык үйүндө 600дөн ашык бала билим алып, 20дан ашык ийрим бар. 
"Жогоруда аталган уюм менен келишим түзүлүп, өткөн жылы 2 миллион 500 миң сом, ал эми быйыл 2 миллион 360 миң сом бизге берилген. Бөлүнгөн акча каражатынын негизинде 60ка жакын мекеме-ишкананы оңдоп-түзөөдөн өткөрдүк. Оңдоп-түзөөгө мэрия тарабынан да колдоолор көрсөтүлүп, пайдаланылган каражаттын 30 пайызын мэрия төлөп берүүдө",- деди социалдык иштер боюнча вице-мэр Ш.Шоруков.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: