super.kg logo

Бишкектеги рейд мыйзам бузган айдоочулар ишти "кыргызчылык" менен бүтүрүүгө шашканын далилдеди

 
Автоунаа салыгын төлөбөгөн айдоочу МАИчи менен сүйлөшүүдө.
Бүгүн, 20-ноябрда Бишкек шаарында Мамлекеттик салык кызматы Жол-кайгуул кызматы менен биргеликте унаага болгон салыкты төлөбөгөн айдоочуларды аныктоо боюнча рейд жүргүздү. Анын жүрүшүндө 10 чакты унаа токтотулду.
Эгер айдоочунун салыкты төлөгөнү аныкталган болсо, ал дароо эле сапарын уланта берди. Мындай токтотулган айдоочулар көп болду. Ал эми эки токтотулган таксисттин адам ташып кызмат кылууга патенти жок болгондуктан, ага карата акт түзүлүп, 3 күн ичинде патент сатып алууга милдеттендирилди. 
Дагы бир токтотулган жаш айдоочу автоунаасынын салыгын төкпөгөнү аныкталып, ал 2 миң сом айып пул жана салык төлөөгө милдеттендирилди. Мындан тышкары анын унаасын айып жайга токтотууга акт түзүлдү. Мындай көрүнүшкө макул болбогон айдоочу нааразычылыгын МАИ жана салык кызматкерлерине айтып, туугандарына чала баштады. Журналисттердин алаксып жаткандыгынан пайдаланып, ал МАИчилер менен шыбыраша баштады. ММК өкүлдөрү бар болгондугунанбы, айтор, жол-кайгуул инспекторлору өз пикиринде бекем турушту. Айдоочунун атасы баштаган туугандары келгенде да МАИчилер алардын бул ишти тезирээк бүтүрүү өтүнүчүнө макул болушкан жок. Мындан улам пикир келишпестик мыйзам чегинде өттү.
Салык кызматынын Биринчи Май райондук башкармалыгынын инспектору Тимур Акмолдоевдин айтымында, борбор калаада 4 мобилдик топ иштеп жатат. "Ар бир топ 2 салык инспектор жана 2 МАИ кызматкеринен турат. Шаар ичинде автоунааларга салык төкпөгөн айдоочулар аз эле калды. Алар айып пулун жана салыгын тезирээк төлөшү керек. Муну алар банктар аркылуу төгө алышат",- деди Акмолдоев.
Айта кетсек, Кыргызстанда автоунааларга салык төгүүнүн мөөнөтү 1-сентябрда аяктаган. Бул күнгө чейин төлөбөгөндөргө 2 миң сом айып пул салынат.





Бишкектин жолдорундагы "кыргызчылык"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
21.11.2014. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызчылык болгон учун, жол тоскон гашниктер компоюп курсак байлап журушот.Эреже бузгандардын баардыгы закон боюнча толонуучу жерине барып толошсун да,гаишниктер ачкадан олушот.Журналисттер дайыма эле жанынарда журуп калса экен!Ошондо силердин керкейгенинерди корот элек!
Медиа-портал
21.11.2014. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ГАИларды эле тартып жатып каласынар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: