super.kg logo
  Саясат  

Парламент Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы жолдорду куруу боюнча макулдашууну 1-окууда кабыл алды

 
Жогорку Кеңеш бүгүн, 20-ноябрда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эки көпүрө жана автожолдорду куруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун 1-окууда кабыл алды. Мыйзам долбооруна ылайык, Тажикстандын айылдарын айланып өтүү жана Кыргызстандын транспорттук көз карандысыздыгын камсыз кылуу максатында Кулунду-Максат унаа жолунда 25,3 миллион сомго эки көпүрөнү куруу каралган. Кулунду-Максат жолунун узундугу эки көпүрөнү куруу менен 1,1 чакырымды түзөт. Гулякандоз каналы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн узундугу 18 метрди түзсө, Козу-Баглан дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн узундугу 36 метр. Тараптар эки мамлекеттин транспорт каражаттарынын жана жарандарынын өтүшүн кандайдыр бир түрдө чектебөөгө, ошондой эле ушул аймакта алардын кыймылын чектеген постторду же башка курулуштарды орнотпоону макулдашышат. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: