Парламент Ош – Баткен – Исфана жолун жаңылоо боюнча насыялык макулдашууну колдоду
Парламент депутаттары “Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Ош – Баткен – Исфана унаа жолун реконструкциялоо боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун 1-окууда кабыл алды. Мыйзам долбооруна депутаттар Жогорку Кеңештин 20-ноябрдагы жыйынында добуш беришти. Мыйзам долбоорунун максаты - Кыргызстандын облустарынын жана кошуна мамлекеттердин ортосундагы транспорттук байланыштарды камсыздоо. 23,76 миллион долларлык макулдашуу долбоору Ош - Баткен - Исфана автожолун асфальттоого сарпталат. Насыя 2021-жылдан баштап 2038-жылга чейин жарым жылда бир жолудан төлөнүп турмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

