Токмокто "бирге жашаган айымды өлтүргөн" деп шектелген жаран кармалды
Токмокто "бирге жашаган айымды өлтүргөн" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 20-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, 18-ноябрь күнү 24 жаштагы жаран өзү менен бирге жашаган 27 жаштагы айымды бычак менен сайып салган. Анын кесепетинен жабырлануучу ооруканага жетпей каза тапкан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү кармалган. Анын айтымында, экөө уруша кетишкен. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.