super.kg logo

Бишкек мэри “электрондук окуу системин жайылтууга олуттуу кадам коюшубуз керек” дейт

 

Бүгүн, 20-ноябрда Бишкектеги №93-орто мектепте "Samsug Smart School" долбоорунун алкагында ишке ашкан мультимедиялык класстын ачылыш аземи болду. Анда Кыргызстанда мындай класстардын санын арттыруу боюнча Билим берүү жана жана илим министрлигинин өкүлүнө, Бишкек мэрине суроолор узатылды.  

КРнын Билим берүү жана илим министринин орун басары Бермет Турсункулова аталган долбоордун өкүлдөрүн министрликке келип, министрликтин өкүлдөрү менен жолугушууга чакырды. “Биз бул долбоор менен кенен таанышып чыгышыбыз керек. Убакыттын өтүшү менен билим системи да учурдун талабына ылайык өзгөрүшү кажет. Электрондук окуу куралдарына ээ болуу жакшы, бирок муну демөөрчүлөрдүн каржылык, техникалык жардамысыз ишке ашыруу кыйын. Ошол эле учурда окутуучуларды даярдоо жагын да эске алуу зарыл. Техниканы сатып алгандан тышкары окутуучуларды даярдоо көп эмгекти талап кылат. Бул такыр башка ыкма болгондуктан, тактага формула жазып койгон системден кыйла айырмаланат”,- деди.

Ал эми мэр Кубанычбек Кулматов: “Ооба, бардык мектептерди мындай жаңы класстар менен камсыз кылууга ири суммадагы каражат керек. Бирок эч нерсеге карабай бул кадамга барганыбыз туура болот, бюджеттен бул үчүн каражат бөлүшүбүз керек. Заман өнүгүп жатат, биз окуядан артта калып жатабыз. Учурда жаш балдарга планшет колдонуу кадимки көрүнүш. Ал эми китеп окуу процессинде маанилүү бойдон кала берет”,- деген оюн айтты.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.11.2014. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лично мен мындай билим берууго каршымын.Жаштарыбыз ансызда билимсизбиз ого бетер дуб-дуб болуп калабыз.Экономикасы онукон Казакстан менен Россияда да окуу системи мындай эмес.Бул систем туз эле МАНКУРТТУКА алып барат.Информатика сабагы жетиштуу деп ойлойм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: