super.kg logo
  Саясат  

Бажы кызматынын төрагасы Адамкул Жунусов 10 айлык иши боюнча отчёт берди

 

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 20-ноябрда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адамкул Жунусовду кабыл алды. Жолугушууда Жунусов өзү жетектеген органдын 2014-жылкы ишинин жыйынтыгы боюнча маалымат берди. Быйыл бажылык башкарууну жөнөкөйлөштүрүү үчүн “Кыргызстандагы бажылык жөнгө салуу жөнүндө” мыйзам долбоору иштелип чыкканын, анда товарларды жана транспорттук каражаттарды бажыдан жеңилдетилген эрежелер боюнча чыгаруу, бажы процедураларын өтүүдө тобокелдик тутумун нормативдик чыңдоо боюнча маселелер аныкталганын билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, аянты 240 чарчы метр болгон "Аламүдүн" операциялык залы курулганын кошумчалады Жунусов. 

Транспорттордун көлөмүн жана башка өлчөмүн ченөөдөгү төлөм төлөөнүн ыңгайлуулугу үчүн “Бажы көзөмөлү жүргүзүлгөн аймактарда төлөм терминалдарын орнотуу жөнүндө” буйрук чыгарылганы, төлөм кабыл алуу терминалдары "Эркеч-Там", "Кызыл-Бел", "Кайрагач" жана "Чоң-Капка" өткөрүү пункттарында орнотула турганы айтылды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: