super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен жолугушту

 

Жогорку Кеӊештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 20-ноябрда Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Төрага жылуу кабыл алганы үчүн япониялык тарапка ыраазычылык билдирип, Кыргызстандагы парламенттик демократияны өнүктүрүү жана эки тараптуу алакалардын орчундуу маселелери жагындагы жетишилген ийгиликтерге токтолду. «2010-жылы Конституция кабыл алынгандан кийинки мезгилде алгач бардык күч-аракетибизди өлкөдө туруктуулукту бекемдөө ишине жумшасак, ал эми акыркы эки жылда экономикалык өнүгүү программаларын стратегиялык жактан пландаштырууга жана аларды ишке ашырууга багыттап жатабыз»,- дейт ал. 

Президент Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы Японияга жасаган расмий иш сапарынын алкагында жетишилген макулдашуулардын ырааттуу ишке ашырылып жатканын баса белгилөө менен А.Жээнбеков Кыргызстан менен кызматташтык мамилелерди өрчүтүү жана жакындан жардам берүү маселелерине көңүл буруп жатканы үчүн С.Абэге ыраазычылык билдирди. Төрага Япония өкмөтү тарабынан насыялык (йендик) зайымдарды жаңыртуу боюнча чечим кабыл алынганы, бир катар долбоорлор боюнча Кыргызстанга гранттык жардам берүү чаралары белгиленгени үчүн да өз ыраазычылыгын айтты.

А.Жээнбеков гранттык каражаттарды алуу боюнча техникалык маселелерди, анын ичинде “Манас” эл аралык аэропортун жабдуу маселелерин иштеп чыгуу үчүн делегация менен кошо Японияга Кыргызстандын тышкы иштер жана транспорт министрлеринин орун басарлары келгенин маалымдады. Төрага документтердин жакынкы мезгилдерде ишке ашырыла тургандыгына үмүт артарын айтты.

Япониянын премьер-министри С.Абэ демократияны өнүктүрүүдө Кыргызстанга колдоо көрсөтүүнү күчтөндүрүү жана насыялык йен зайымдарын кайра жаңыртуу чечими КРнын Президенти А.Атамбаевдин расмий иш сапарынын жыйынтыгында кабыл алынгандыгын эске салды. Ал экономикалык, маданий-гуманитардык жана билим берүү чөйрөсүндө кызматташууну улантуу менен Япония Кыргызстандын өнүгүшүнө жардам берерин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: