super.kg logo

Казакстанда өлкө башчысынын ысымын алып жүргөн Нурсултан аттуу 60 жаран бир клубга мүчө болду

 
Казакстандагы Агротехникалык университет.
Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев.

Казакстандагы Агротехникалык университетте өлкө башчысы Нурсултан Назарбаевдин ысымынан аталган “Нурсултан” аттуу клуб негизделди. Ага азыркы күндө Нурсултан аттуу 60 жигит катталган. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда казакстандык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Аталган клубдун түптөлүшүнө жергиликтүү бизнесмен Габит Халикулы аттуу жаран демөөрчүлүк көрсөткөн. 

“Биздин чоң аталарыбыз, аталарыбыз президентибизге ишенич артканы үчүн балдарынын аттарын өлкө башчынын ысымы менен Нурсултан деп аташкан. Эми чоң аталарыбыздын балдары жана неберелери президентибизге үмүт артып, ага ишенич көрсөтүүдө. Демек, биз ал ишеничти иш менен колдошубуз керек”,- дейт Г.Халикулы.  

Белгилүү болгондой, Казакстанда Биринчи президенттин күнү белгиленет, ал майрам 2011-жылы негизделген. Аны казакстандыктар 1-декабрь күнү белгилеп келишет. Азырынча “Нурсултан” аттуу клуб кандай иш-чаралар менен алектенери белгисиз.     






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.11.2014. 05:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх мендагы барып жазылып алат окшойм атымда нурсултан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: