super.kg logo

Борбор калаада мыйзамсыз курулуштарды токтотуу уланууда

 

Борбор калаада мыйзамсыз курулуштарды токтотуу уланууда. Бул тууралуу 20-ноябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай куруу департаменти шаардын Щербаков көчөсү-239 дарегинин жашоочулары тиешелүү документтерсиз, мыйзамсыз 16х3 м өлчөмдөгү дубал куруп алышканын аныкташкан. Аталган даректин ээсине Жеке турак жай куруу департаменти тарабынан 11.07.2014-жылдын №0247-токтомунун негизинде табылган эреже бузууларды четтетүү жөнүндө эскертүү берилип, протокол түзүлгөн. Биринчи Май райондук сотунун токтому менен курулуш ээси Сарчалова Бурулга 10 000 сом өлчөмүндө айып чегерилип, короону өз ыктыяры менен бузуу милдеттендирилген. Азыркы учурда тосулган дубал алынып, жер тилкеси баштапкы абалга келтирилди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: