super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев Түркмөнстандын президенти менен жолукту (фото)

 

Түркмөнстанга болгон иш сапарынын алкагында КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 20-ноябрда Ашхабад шаарында болгон жолугушуунун жүрүшүндө Ж.Оторбаев эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыкты соода-экономикалык тармагында күчөтүү керек экендигин айтты. "Быйыл 7 айдын аралыгында Кыргызстан менен Түркмөнстандын тышкы соода жүгүртүшү 5,6 миллиард долларды түзгөн. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 70 пайызга жогору. Мындай өнүгүү эки мамлекеттин ортосундагы ийгиликтүү келечеги бар экенин далилдейт. Мындан тышкары биз отун-энергетикалык тармагында кызматташууну кеңейтүү, транспорт-транзит жана гуманитардык тармактарын жакшыртууга кызыкдарбыз",- деди Оторбаев.

Г.Бердымухамедов өз кезегинде КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Түркмөнстанга болгон иш сапарынын жүрүшүндө жеткирилген келишимдер эки өлкөнүн ортосундагы ар кандай тармактардагы кызматташтыкты кеңейтүүгө жакшы шарт түзүп бере тургандыгын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: