super.kg logo
  Саясат  

2014-жылдын 10 айынын ичинде республикалык бюджеттен социалдык чөйрөгө 43 миллиард сом бөлүндү

 

2014-жылдын январь-октябрь айларында республикалык бюджеттен социалдык чөйрөгө бөлүнгөн каражат 43 миллиард 463,2 миллион сомду түздү. Чыгымдар өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 11 миллиард 367,2 миллион сомго өскөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, республикалык бюджеттен социалдык чөйрөгө бөлүнгөн чыгашалар төмөнкүдөй:

социалдык коргоого – өткөн жылга салыштырмалуу 2 миллиард 529,1 миллион сомго көбөйүү менен 18 миллиард 972,4 миллион сом;

- билим берүүгө – өткөн жылга салыштырмалуу 8 миллиард 336,9 миллион сомго көбөйүү менен 14 миллиард 491,3 миллион сом;

- саламаттык сактоого – өткөн жылга салыштырмалуу 87,4 миллион сомго көбөйүү менен 8 миллиард 137,7 миллион сом;

- эс алууга, маданиятка жана динге – өткөн жылга салыштырмалуу 413,8 миллион сомго көбөйүү менен 1 миллиард 861,8 миллион сом.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: