super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев Беларустун өкмөт башчысына айыл чарба продукцияларын Кыргызстандан алууну сунуштады (фото)

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтчү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумунун алкагында Беларустун премьер-министри Михаил Мясникович менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Ж.Оторбаев Кыргызстан кыргыз-беларусь кызматташтыгын бекемдөөгө ниеттенгендигин айтты. "2014-жылдын январь-июль аралыгында соода жүргүзүү 60,5 миллион долларды түзгөн. Бул көрсөткүчтү мындан ары да жогору кылууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар",- деди Оторбаев.

Андан соң ал Кыргызстандан Беларусь Республикасына тамеки, пахта жана башка айыл чарба продукцияларын импорттоо боюнча долбоорлорду кайра жандандырууну сунуштады. Мындан тышкары жолугушууда Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине жана Евразиялык мейкиндикке кирүү боюнча келишимдери ишке ашыруу талкууланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: