super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда майда мамлекеттик сыйлыктар кыскартылат

 

Жогорку Кеңеш Кыргызстанда майда мамлекеттик сыйлыктарды жоюу боюнча мыйзам долбоорун талкуулап, экинчи окууда добуш берүүгө жиберди. Мындай чечим парламенттин 20-ноябрдагы жыйынында кабыл алынды. Демилгечилер сыйлыктардын тизмегин кыскартуу максатында “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген куруучусу” деген сындуу тармактык наамдарды жоюп, баарынын башын бириктирген “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген ишмери” деген гана бир наамды белгилөөнү сунуштап жатышат.

Ал эми “КР Эл жазуучусу”, “КР Эл акыны”, “КР Эл артиси”, “КР Эл сүрөтчүсү” деген наамдар калтырылды. Мамлекеттик сыйлыктардын тизмегинде Баатыр эне, Эне даңкы, Данакер, Курманжан датка ордендери бар.

Андан сырткары жаңы долбоордо чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактарды да мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого мүмкүнчүлүк берилүүдө. Ошондой эле Советтер Союзунун Баатыры жана Социалисттик Эмгектин Баатыры наамдары Кыргыз Республикасынын Баатыры наамынын статусуна теңдештирилет.

Мамлекеттик сыйлыктарга кошумча каражат төлөө маселеси чоң талкуу жаратууда.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: