Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчисинин Өзбекстанга которулушу күтүлүүдө

АКШнын Конгресси Өзбекстандагы ыйгарым укуктуу элчиси кызматына учурда Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Памела Спратлендин талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Интернеттен алынган
Маалым болгондой, 19-20-ноябрда Конгресс анын талапкерлигин талкуулап, талапкерди жактырууну кабыл алган.
Айта кетсек, Памела Леора Спратлен 2011-жылдан тарта АКШнын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу кызматында иштеп келет. Буга чейин ал Орусия, Казакстанда кызмат кылгандыгы белгилүү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

