super.kg logo
  Саясат  

Улукбек Кочкоров Тажикстан Баткендеги чек ара жаңжалынан улам келтирилген чыгымдарды төлөбөй жатканын айтты

 

Жогорку Кеңештеги “Ата Журт” фракциясынын 21-ноябрдагы жыйынында Улукбек Кочкоров: "Тажикстан Баткенге чек ара чыр-чатактарынан келтирилген чыгымдарды төлөбөй жатат",- деп билдирди. 

Анын айтымында, элге келтирилген чыгымдарды тажик тарап төлөбөсө, азырынча өкмөт тарабынан калыбына келтирилиши керек.  

“Өзүңүздөр билесиздер, 2014-жылы Баткендеги чек арада эки тараптан жыйырмадай ок атышуу болуп, жыйынтыгында Баткен эли 11 миллион сомдук зыян тартты. Тажикстан ал чыгымдардын бир тыйынын да төлөгөн жок. Вице-премьер-министр тажик бийлигин төлөп берет деп айтып коюп, азыр эмне болгону белгисиз. Эмне, Маматалиев Баткен элинин колунда беш саатка камалып жатканын унутуп калдыбы? Жок дегенде ушул каражатты өкмөт тарабынан бөлүп туралы”,- деди депутат. 

Депутат буга чейин тажик тарап чыгымдарды төлөбөй, "500, 1000 доллардан беребиз" деп жатканын айткан болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: