super.kg logo
  Саясат  

Владимир Путин башка өлкөлөрдөгү "түстүү революциялар" Орусия үчүн сабак жана эскертүү экендигин айтты

 

Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин кеңейтилген отурумунда башка өлкөлөрдөгү "түстүү революциялар" Орусияда орун албашы үчүн экстремизмдин алдын алууга чакырды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Орусиянын президентинин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

"Бүгүнкү күнү дүйнөдө экстремизм геосаясаттын жана таасир этүүчү чөйрөнү бөлүштүрүүнүн куралы катары колдонулуп жатат. "Түстүү революциялар" кандай кайгылуу жыйынтыктарды алып келгендигине күбө болуп жатабыз. Биз үчүн бул окуялар сабак жана эскертүү болуп саналат. Ошондуктан Орусияда мындайдын болбошуна бардык күчүбүздү жумшашыбыз керек",- деди президент.

Мындан тышкары ал экстремизмдин алдын алууда укук коргоо түзүмдөрү гана эмес, бийликтин бардык өкүлчүлүктөрү, мамлекеттик мекемелер жана диний уюмдар иш жүргүзүүсү керек экендигин баса белгиледи.

Айта кетсек, Грузияда 2003-жылы болгон "Розалар революциясы", Кыргызстанда 2005-жылдагы "Жоогазын революциясы", Украинада 2004-жылы өткөн "Сары революция" жана 2013-2014-жылдардагы Евромайдан, ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттерде орун алган нааразылык акциялары жана ыңкылаптар "түстүү революциялар" болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: