super.kg logo
  Саясат  

Каржы министрлиги чек арага жакын жайгашкан айылдарга төлөнчү 100 миллион сомду башка багытка бөлүп салганы айтылды

 

Каржы министрлиги Баткендеги чек арага жакын жайгашкан айылдарга төлөнчү 100 миллион сомду Ош-Баткен-Исфана унаа жолун курууга бөлүп салган. Муну Жогорку Кеңештин “Ата Журт” фракциясынын 21-ноябрдагы отурумунда каржы министри Ольга Лаврова билдирди. 

Жыйында депутаттар бул каражат негизи социалдык төлөмдөргө бөлүнгөнүн айтып, министрди сынга алышты. 

Депутат Улукбек Кочкоров министрден көрсөтүлгөн каражатты кайра табууну талап кылды. “Баткендеги 51 айылга акча бөлүнгөнүн айтып койгонбуз. 10 күн мурун барганыбызда да “Убада кылган акча кайда, бөлүп бербейсиңерби?” дешти. Бул акча социалдык төлөмдөргө төлөнүш керектиги боюнча Жогорку Кеңештин токтому бар. Жолго акча керек болуп жатса, башка жактан карабайт белеңер, эмнеге элге деген акчаны берип саласыңар? Кыскасы, ушул жылдын аягына чейин элге төлөп бергиле”,- деди ал.   

Министр жыл аягына чейин 100 миллион сомду таба албастыгын айтып, кийинки жылга калтыруу сунушун айтты. Бирок фракция мүчөлөрү буга макул болушкан жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: