super.kg logo
  Саясат  

Президент: "Демократиялуу мамлекетти калыптандырууга прокуратура олуттуу салым кошуп жатат"

 
Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Прокуратура кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысы прокуратура органдарынын кызматкерлерин жана ардагерлерин Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы менен куттуктап:

"Прокуратура калыптануунун жана өнүгүүнүн татаал жолун басып өтүп, дайыма мамлекеттик органдардын системинде өзгөчө орунду ээлеп келген. Милдеттери жана багыттары канчалык өзгөрбөсүн, ал өлкөбүздүн башкы көзөмөлдөө жана укук коргоо органы бойдон калууда.

Мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылууга, мыйзамдуулукту бекемдөөгө, коомдун кызыкчылыктарын коргоого, укуктук жана демократиялуу мамлекетти калыптандырууга жана өнүктүрүүгө прокуратура бүгүн да олуттуу салым кошуп жатат. 

Прокуратура органдарына жооптуу жана татаал милдеттер жүктөлгөн. Кылмыштуулукка, анын ичинде коррупцияга каршы күрөшүү негизги милдеттердин бири бойдон калууда. Коррупцияга каршы күрөшүү темирдей эркти жана кайраттуулукту талап кылат. Бул иште кол тийбестер дагы, иргеп мамиле жасоо дагы болбоого тийиш. Мындай милдет, албетте, прокуратура органдарынын кызматкерлеринин жоопкерчилигин арттырат. Ошол эле учурда ар бир кылмыш ишинде адамдын тагдыры турганын эстен чыгарбаш керек. Адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин урматтоо, камсыз кылуу жана коргоо прокуратура органдарынын ишиндеги абдан маанилүү артыкчылык болууга тийиш. Прокуратура органдарынын өзүндө ниети бузук жана абийирсиз кызматкерлер болбошу керек. Ошондо гана Кыргызстандын эли биздин таза ниетибизге ишенип, бийликти колдоого алат.

Урматтуу прокуратура кызматкерлери!

Мындан ары да прокуратура мыйзамдуулуктун жана укуктук тартиптин сакчылыгында бекем турат деп терең ишенем. Калыстык, кесипкөйлүк жана милдеттерди так аткаруу, иш кызыкчылыгынан тайбоо жана абийирдүүлүк ишиңиздердин негиздери болууга тийиш.

Сиздерди майрамыңыздар менен куттуктайм! Чың ден соолук, бакубатчылык жана ишиңиздерге ийгилик каалайм", - деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: