super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад облусу үчүн биометрикалык маалыматтарды чогултуучу 50 комплект жабдуу кошумча түрдө бөлүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Ноокен, Базар-Коргон, Сузак райондорунун акимдеринин жана айыл округ жетекчилери жана Жалал-Абад шаарынын башчысы менен жолугушту. Бул тууралуу 21-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Т.Сарпашев белгилегендей, Жалал-Абад облусунун дээрлик бардык райондору биометрикалык маалыматтарды чогултуу үчүн зарыл болгон кошумча комплекттерди бөлүү тууралуу кайрылышкан.

Биринчи вице-премьер-министр КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жабдууларды аймактар боюнча туура эмес бөлүштүргөнүн айтып: "Мисалга, Ат-Башы районунда 16 жаштан жогорку жалпы калктын саны 25 миңге жетпеген жерге 20дан ашуун жабдуу бөлүнгөн. Ошол эле учурда калкы 25 миңден ашуун айыл округдарына болгону 2ден комплект жабдуу берилген",- деди.

Ошондой эле 7 күн ичинде Жалал-Абад облусунун бардык райондору кошумча 50 комплект жабдууну аларын билдирди. Мындан сырткары Ноокен, Базар-Коргон айылдарында жана Жалал-Абад шаарындагы Тейлөө борборлорундагы биометрикалык маалыматты чогултуунун жүрүшү менен таанышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: