Мелис Турганбаев: "Алтынбек Арзымбаевдин өлүмү боюнча кылмыштын бети ачыла элек"
Кара-Көл шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Алтынбек Арзымбаевдин өлүмү боюнча кылмыш ишинин бети ачыла элек. Муну ички иштер министри Мелис Турганбаев Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын 21-ноябрдагы жыйынында Кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча маалымат берип жатып айтты.
Министр депутаттын өлүмү боюнча иликтөө иши улантылып жатканын кошумчалады. Айта кетсек, ушул жылдын 26-августунда кечинде белгисиз адамдар Жин деген каймана атка ээ болгон Алтынбек Арзымбаевди Бишкектин 8-кичи районунан үйүнүн жанынан атып кетишкен. Ал алган жараатынан улам ошол жерде каза тапкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

:-)