super.kg logo
  Саясат  

Ички иштер министрине Азиз Батукаевдин өлкөдөн кимдин жардамы менен чыгып кеткенин тактап чыгуу тапшырылды

 

“Ата Мекен” фракциясынын 21-ноябрдагы жыйынында депутат Туратбек Мадылбеков: “Кыргызстанда кылымда болчу 2 кылмыш иши болду. Алардын бири Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетиши, экинчиси “Кумтөр” маселеси”,- деп билдирди.

Депутат ички иштер министри Мелис Турганбаевге “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевди эркиндикке чыгаргандарды кайрадан териштирип чыгууну сунуштады. “Батукаев менен бир топ түзүп, анын абактан чыгарылышы, чет өлкөгө кетишине көмөктөшкөндөрдү эл билиши керек. Сиз ушул ишти аягына чыгарсаңыз чоң эмгек жасаган болосуз”,- деди депутат. 

Эске салсак, "мыйзамдагы ууру", 48 жаштагы Азиз Батукаевди 2013-жылдын 9-апрелинде Нарындагы №4-абактан кандын рак илдетине чалдыккандыгы тууралуу медициналык корутундуга таянып бошотушкан. Ошол эле күнү ал туугандары менен Грозныйга учуп кеткен.

Ушул жылдын октябрь айында  Орусиянын Башкы прокуратурасы Азиз Батукаев Орусияда жазасын өтөгөндөн кийин аны Кыргызстанга өткөрүп берүү маселеси караларын маалымдаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: