super.kg logo

Жактоочу: "Эгер иш объективдүү каралса, Канжар Кадыралиев сурак бергенге даяр"

 
Солдон биринчи жабырлануучу Абдимитал Бекташов, экинчиси жабырлануучунун бир тууган таякеси Базарбай Нурматов, бешинчиси жактоочу Байыш Жоробеков.
Жабырлануучу Абдимитал Бекташов эки-ооз сөз сүйлөп, залдан чыгып кетти.
Жабырлануучу Абдимитал Бекташов эки-ооз сөз сүйлөп, залдан чыгып кетти.
Жабырлануучу Абдимитал Бекташовдун тосмо арызы.
Жабырлануучу Абдимитал Бекташовдун тосмо арызы.

Бүгүн 21-ноябрда Бишкекте бир канча берене боюнча айыпталып, издөөдө жүргөн Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевдин тарапташтары маалымат жыйынын өткөрүштү. Анда апасы Акдаана Кочкорова баласынын эч кайда качпаганын, үйүндө эле экенин айтты.

“8 баланын энесимин. 2009-жылы Санжарбегимди атып кетишти. Калган балдарымдын баары мамлекеттик кызматтарда иштешет. Канжарга жалган жалаа жаап жатышат. Балам адам өлтүрдүбү, уурулук кылдыбы? Ал менин жанымда, мен аны чыгарбай жатам”,- деди Акдаана Кочкорова.

Ошондой эле жактоочу Байыш Жоробеков К.Кадыралиевди кармоого негиз жок экенин, жабырлануучу тарап тосмо арыз жазганын айтты.

“Жабырлануучу Абдимитал Бекташов үстүбүздөгү жылдын 14-ноябрь күнү прокуратурага арыз жазган. Анын негизинде ошол эле күнү “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Бул жерде “Кантип эле арыз жазылган күнү кылмыш иши козголуп калат?” деген ойлор жаралууда. Бекташов буга чейин 4 жолу Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгына “Кадыралиев менен урушуп, араздашып жатабыз. Анын малы менин бакчама кирип жатат” деп арыз жазган экен. Бирок милиция 4 жолу текшерип, кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. Эгер иш объективдүү каралса, Канжар Кадыралиев сурак бергенге даяр. Анын 3 жаш баласы бар, эч кайда качпайт. Жабырлануучу тарап кайра тосмо арыз жазып берди”,- деди жактоочу.

Ал эми жабырлануучу Абдимитал Бекташов убагында К.Кадыралиев менен пикир келишпестик болгонун, азыр келишип алганын айтып залдан чыгып кетти.

Ошол эле учурда жабырлануучунун таякеси Базарбай Нурматов: “Биз бир тууган адамдарбыз. Бири-бирибизге дообуз жок. Убагында Абдимиталды адаштырып койгон адамдар болгон. Анын айынан ушундай болуп жатат. Жээним өтө жөнөкөй, анан бир аз оорукчан”,- деди.

Жабырлануучу Абдимитал Бекташовдун тосмо арызында “Канжар Кадыралиев жана Улан Кадыралиевдин үстүнөн билбестик, түшүнбөстүк менен башка адамдардын тилине кирип жазгам. Мени Кадыралиевдер урган эмес, малы менин бакчама кирип кеткендиги үчүн жазылган. "СПИДдин уколун саям" деп мага айткан эмес, андай сөздү мен да айткан эмесмин. Бирок арыз компьютерде жазылгандыктан, түшүнбөстөн кол коюптурмун. Мен Кадыралиевдер менен өз ара келишип алдым. Ошондуктан алардын үстүнөн козголгон кылмыш ишин өндүрүштөн кыскартууну суранам” деп жазылат башкы прокурор Аида Саляновага.

Буга чейин Ош шаардык соту тергөөгө келбегендигине байланыштуу К.Кадыралиевди камакка алуу чечимин чыгарган. Ошол эле күнү соттун бул токтомунун негизинде ага издөө жарыяланган. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, К.Кадыралиев Өзгөн районундагы жана Ош шаарындагы туруктуу жашаган жерине 17-ноябрдан бери келе элек. Учурда анын кайда экени белгисиз.

Ал эми Башкы прокуратура Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери Канжар Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеп турган кызматынан бошоткон эле.

Буга Өзгөн районунун тургуну Абдимитал Бекташовдун “Кадыралиевдер 3 гектар жеримди талашып, уруп-тепкилеп жатышат. Бул боюнча күч органдарына көп жолу кайрылдым, эч жыйынтык чыкпай жатат. Алардын малы менин бакчама кирет” деп Башкы прокуратурага жазган арызы себеп болгон.      

Айта кетсек, Канжар Кадыралиевден жапа тартканын айтышкан Сактан Келдибаевдин ата-энеси жана бир туугандары 10-октябрда Бишкекте маалымат жыйын өткөрүшкөн. Анда Канжар Кадыралиевдин ишкерди коркутуу жолу менен кафель чыгарган заводун тартып алууну көздөп жатканын айтышкан эле. Ошондой эле ишкер менен Канжар Кадыралиевдин телефондогу сүйлөшүүлөрү интернетке тараган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(25)
21.11.2014. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул адамдарды дагы коркутуп коюштуго я?
кайра Тосмо арыз жазганына караганда.
21.11.2014. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде коррупция кучундо эмесби!
21.11.2014. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Карагылачы башы жоктордун кылганын,оздору чуу кылып,анан кайра артка кеткенин,эми ким жаман Атамбаев,Салянова жаман деп чыгабыз кобубуз-(((((негизи бизге Сталиндей жетекчи жана тартип керек,тарс тарс ордунан атып салган.
21.11.2014. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
эх апашка сизди ошондой кылып кыйнаса эмне болмок эле!Балдарыныздын алдында муунтуп кыйнап, акча толо деп! кыргызга да бир жакшы башчы келип, кылган иштерине баары жооп бере турган мезгил келет деп эсептейм жана ишенем
23.11.2014. 07:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alim, Канжар апасын да коркутуп койгонбу дейм да!? Кантип эле ата-эне кой балам эл назарына, каргышына калба деп айтпай калсын. Ата-энеси дагы Канжардын камалышын кааласа керек. Айла жоктон гана чыдап отурушабы дейм да!?
21.11.2014. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Bir kun kelet kadyralievter jasagan ishterine joop berishet antkeni kudai bar.
21.11.2014. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Дагы коркутканга тосмо арыз жазбасан олтуробуз деп.Колунан келет буга окшогон адамдардын.Бирок жазанарды деле аласынар.Бул дуйнодо болбосо дагы,тиги дуйнодо.Чын эле ак болсо озу чыкпайбы. Уйундо бекинбей.
Модератор admin_superstan түзөттү 21.11.2014 18:49
21.11.2014. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Feijipiao, Туура айтасын,булардан бир эле кудай коркпойт,жазасын берет бугун болбосо да башка куну,эл билет кандай экенин Канжардын кантип актанып атат бети жок
21.11.2014. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жээни бир аз оорукчан болсо прокуратурада эмнеге иштеп журот?Медсмотрдан кандай откон ошону караш керек
21.11.2014. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uran001, элдин башын айлантпачы, окурмандар Канжар Кадыралиев оорукчан экен деп ойлоп калышат. Оорукчан - Абдимитал Бекташев. Абдимитал эч кандай прокуратурада иштебейт!
21.11.2014. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Канжар качан больницага жатат экен
22.11.2014. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте жеткиргенда арыз жазгыдай кылып. Кудай жазасын берсин. Ата-эне ойлонуш керек, тиги жактагы жабыр тарткандардын акыбалын,зоокур баланы остуруп, алып келгенин жеп отурбай.
22.11.2014. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
пара менен басканго озун
22.11.2014. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тосмо арызды туура жазганда жакшы болмок экен, ушундай бизнесмендердин жазганы ушул болсо, жонокойлор унчукпай эле койолу.
22.11.2014. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тиги, 120 нын ичинде, дагы бир Кадыралиева эмнеге отурат дейсинер.
Ошолда аралашып, коркутуп тосмо жаздырттыда. Чиркин омур, багы жокко даагы жок, болуп калыптырда.
22.11.2014. 03:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
mbk тосмо арызды бизнесмен эмес малы менин бакчама кирип кетип атат менин 3га жеримди талашып атат деген адам жазып атпайбы.
uran 001Канжарды жээним оорукчан деген жок тиги кишини Абдимиталды айтып атат.
Иии аябай коркутушкан окоойт ээ?((((кудай бар кудайдан жетсин.бир куну болбосо бир куну кудай озу эле ордуна коюп коет.
22.11.2014. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
чыныдыгында атасы жылкыларын мака пайага жайыб жиберет экен деб уканмын жердештеринен
22.11.2014. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизге Рамзан Кадыровдай президент керек!!!
24.11.2014. 02:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurgiza03, мен да кошулам качан Аллахдан корккон рамзан кадыровдой прездент келет анан кыргызстанда адилеттуулук орнойт кыргызстаныбыз онугот ИншаАЛЛАХ
22.11.2014. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундай ак оромол оронгон ыймандуу апасы бар екен баласын кой дебейби
23.11.2014. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
булардын мафиясын аша дагы жок кыла албай булардын колунан бааржок келет. атып кутулбасан башка аргасы жок.
23.11.2014. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оздорунчо эле ультиматум коюшуптур го. Обьективдуу болобу жокпу кылмыш иши козголгон сон тергоого келип следактын суроолоруна жооп бербейби. Жаш балдардай апасынын этегине бекинип алып, апасын айдактаган садиктеги бок мурум жаш баладай болбой. Бул жерде 2 адамдан арыз тушуп жатат. Мейли, бири оорукчан, гангир баш жазып алып кайра алыптыр. Ал эми биринчи жазылган арыз менен конкреттуу турдо жооп бериш керек го ыя? Же бири тозмо арыз жазды деп эле эки ишти тен кыскартып жиберишеби тооба кылдым. Э
23.11.2014. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жооп берсин, бул чекеси, айла калбаганда жазылган, калган толтура адамдар канча акчасына куйуп, жогу карыз болуп, кредит алып ушуга окшогон зоокурлорго толошот экен. Апасы коргоп, дагы канча адамдын шоруна калат. Баш прокурор озундогу катардагы кызматкерин корбой май
24.11.2014. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канжар бандит экенин элдин баары билет айткандан коркушат просто,мен билгенден эле бир ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ дейсинер себеби Канжар баарыбир женет анан ага дагы корсотот,мына азыркыдай эле болуп.
Модератор admin_superstan түзөттү 24.11.2014 09:28
24.11.2014. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazikerbol, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз! Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: