super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлеринин аймактардагы “смотрящийлерин” атады

 

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын 21-ноябрдагы жыйынында фракция лидери Өмүрбек Текебаев уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлеринин “смотрящийлерин” атады.

Ысык-Көл облусунда Көлбаевдин “смотрящийи” болуп Айбек Шералиев эсептелет, Азиз Батукаевдин Кыргызстан боюнча “смотрящийи” Мирлан Махадаев, Камчы Көлбаевдин Ысык-Ата району боюнча “смотрящийи” Улан Муфтиев, Бокушевдин Кара-Балта шаары боюна “смотрящийи” Алмаз Уралиев эсептелет”,- деди Текебаев. 

Булардын баары учурда колго түшкөндөр экени белгилүү болду. Ал эми ички иштер министри Мелис Турганбаев Кыргызстанда “смотрящийлер” жок экенин айтты. “Уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлери тууралуу маалымат болор замат маалыматтарды чогултуп, ишмердүүлүгүн токтотууга аракет кылабыз”,- деди ал.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: