Кыргызстанда 10 ай аралыгында 95 эне төрөттөн каза тапкан

Кыргызстанда төрөттөн каза тапкандардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда SUPER.KG порталына Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо борборунун жетекчиси Камчыбек Узакбаев билдирди.
“2013-жылы Кыргызстан боюнча 61 эне төрөт учурунда каза тапкан. Ал эми 2014-жылдын 10 айында төрөттөн каза тапкандардын саны 95 аялга жетти”,- дейт Узакбаев.
Анын айтымына караганда, мындай жогорку көрсөткүчтөр болочок энелердин өз ден соолугуна кайдыгер мамиле кылгандыгынан улам болууда. Ошондой эле алар өз убагында төрөтканаларга кайрылып, каттоого турушпайт.
Эске салсак, буга чейин төрөттөн каза тапкан энелердин өлүмү былтыркы жылга салыштырмалуу 15,5 пайызга өскөнү айтылган. Белгилүү болгондой, 2014-жылдын январь-август аралыктарында эле 40ка жакын эне төрөттөн каза тапкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Emil0279

21.11.2014. 21:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Оз ден соолугунаэч ким кайдыгер карабайт,болгону азыр врачтар да акчасы барларды карап, жокторду жакшы карабагандан болуп жатат. Так ошол эне жана баланы коргоо борборунда акчаны аябай талап кылат экен. Урматтуу суперчилер эгер чындап биздин жазган коментарийлер кандайдыр бир мааниге ээ болсо,текшеруу жургузуп,колдоого албасанар,дагы коптогон олумдор болот. Жакшы карасын деп акча берууго аргасыз болосун. Кимдин жашагысы келбесин!адамдык сапатты жоготпойлу! Кудайдан кийинки эле силерсинер-врачтар
Ariet7

22.11.2014. 01:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
10айда эле 95 эне эмне деген шумдук?эмне деген эле шумдук.???!!!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.