super.kg logo
  Саясат  

Эльвира Сариева: "Энелердин өмүрүн сактоодо алардын ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылуу зарыл”

 

Бүгүн, 21-ноябрда КРнын Вице-премьер-министри Эльвира Сариева Кыргыз Республикасынын калкынын репродуктивдик ден соолугун сактоо жаатындагы актуалдуу маселелер боюнча тегерек столдун ишине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Тегерек столдун ишин ачууда вице-премьер-министр белгилегендей, эне жана бала өлүмүнүн көйгөйлөрү саламаттык сактоо тутумунда келечектүү багыттардан болуп саналат жана саясий деңгээлде кабыл алынган бир катар стратегиялык документтерде чагылдырылган. Мында ал репродуктивдик ден соолук көйгөйлөрүн чечүү үчүн саламаттык сактоо уюмдары, министрлик жана ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлиги ортосундагы шериктештикти күчөтүү зарылдыгын белгиледи. 

«Эне жана бала өлүмүн кыскартуу маселесин чечүүгө тармактык министрликтин гана күч-аракети жумшалган жок. Бардык деңгээлдеги бийлик органдары тарабынан репродуктивдик ден соолук маселесиндеги көйгөйлөрдү тармак аралык чечүүнү жана макулдашылган күч-аракеттерди камсыздаган механизмдерди түзүү үчүн чаралар кабыл алынууда»,- деди вице-премьер-министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: