Үстүбүздөгү жылдын 10 ай аралыгында кылмыштуу топтун 174 мүчөсү кармалган
2014-жылдын 10 ай аралыгында ар кандай кылмыштарга шектелген 174 жаран жоопкерчиликке тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда ички иштер министри Мелис Турганбаев Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча маалымат берип жатып айтты.
Анын айтымына караганда, уюшкан кылмыштуу топтордун 174 өкүлүнүн ичинен жетөө “смотрящий” макамына ээ.
“Камакка алынгандардан 1 автомат, 2 тапанча, карабин, 31 килограмм героин жана 31 грамм марихуана алынган”,- дейт М.Турганбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.