super.kg logo
  Саясат  

КСДП фракциясы Кыргызстанга оң рулдуу автоунаа алып кирүүгө тыюу салуу демилгесин колдоду

 

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы 21-ноябрда Кыргызстанга оң рулдуу автоунааларды алып кирүүгө тыюу сала турган мыйзам долбоорун талкууга алып, 1-окууда жактырды. 

Ички иштер министринин орун басары Рыскулбек Жапаркуловдун айтымында, мыйзам долбоору   жол коопсуздугун алдын алуу максатында сунушталып жатат. 

Оң рулдуу унаалардын саны 36 пайызга көтөрүлгөнүн айткан министрдин орун басары демилге аргасыздыктан пайда болуп жатканын билдирди. Ал 2013-2014-жылдардагы жол кырсыктарынын көпчүлүк пайызы ушул оң рулдуу унаалардын себебинен болуп жатканын кошумчалады. Фракция мүчөлөрү талкуу соңунда демилгени колдошту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: