Данияр Нарымбаев: "Шайлоочулардын тизмесин түзүү функциялары Мамлекеттик каттоо кызматына өтөт"

Шайлоочулардын тизмелерин түзүү функциялары Борбордук шайлоо комиссиясынан Мамлекеттик каттоо кызматына өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда КРнын Президентинин аппаратынын башчысы Данияр Нарымбаев журналисттерге билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Нургазы Аматов
Анын айтымында, 2010-жылдан тарта бул функцияларды БШК аткарып келет. "Шайлоо комиссиясы үчүн бул милдеттер кыйынчылыктарды жараткан. Анткени ал шайлоону уюштуруу, бюллетендерди эсептөө сыяктуу функцияларды аткарат",- деп түшүндүрдү Нарымбаев.
Мындан тышкары ал функцияларды өткөрүү боюнча тиешелүү мыйзам долбоору даяр экендигин баса белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

