super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы Прокуратура кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

 
КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев прокуратура кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу 21-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.
Өкмөт башчы куттуктоосунда прокуратура кызматкерлерин жана ардагерлерин Кыргыз Республикасынын прокуратура органынын негизделгендигине 90 жыл толгондугуна байланыштуу юбилейлик датасы менен куттуктап: "Ушул күнү КРнын жалпы прокуратура кызматкерлерин натыйжалуу эмгеги, прокуратура органдары алдында турган башкы милдеттерди аткаруудагы адискөйлүгү үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиргим келет",- дейт.

Ошондой эле өлкөнүн бүгүнкү прокуратурасы мамлекеттин атынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөөнү ишке ашыруучу бирдиктүү орган тутумундагы звено катары саналарын белгилеп: "Тапшырылган ишке карата зор жоопкерчилик менен мамиле кылуу жана жасалган сабаттуу кадамдар мындан ары карай дагы алдыга коюлган милдеттерди натыйжалуу чечүүгө, биздин мамлекетти курууга жана өнүктүрүүгө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын аткарылышына көзөмөл жүргүзүүгө, адам укугун, өлкө кызыкчылыгын ишенимдүү жана сабаттуу түрдө коргоого көмөк көрсөтөрүнө шек жок",- деп тынчтык, ырыс-ынтымак, бакубаттуулук каалап өткөн. Мындан сырткары мыйзамга, өз эл-жерине кызмат кылуу ишинде ийгиликтердин жарала беришине тилектештигин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: