super.kg logo

Ички иштер министрлиги: "Токмоктогу карактоого шектелип кармалган жарандын жактоочусунун айткандары эч кандай чындыкка туура келбейт"

 

"Токмокто инкассатор унаасын карактаган" деп шектелип кармалган жарандын жактоочусунун айткандары эч кандай чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Айтымдарында, кылмышка шектелип кармалган жаранга эч кандай кыйноолор болгон эмес. Жактоочунун кардарын актап кетүү аракети болуп жатат. Мирлан Букарбаевдин үйүнөн шектүү буюмдар табылган.

Буга чейин жактоочу Азамат Карасартов 21 жаштагы Мирлан Букарбаев Токмокто болгон карактоо фактысына шектелип кармалганын жана милиция кызматкерлери тарабынан кыйноолорго учурап жатканын айткан эле.

Айта кетсек, Токмокто жеке күзөт компаниясына тиешелүү инкассатор унаасы тонолгон. Анда инкассатор унаасын бет капчан адамдар башкарган унаа келип сүзгөн. Андан соң кылмышкерлер унаанын ичиндегилерге тапанча такап, акча салынган баштыкты жана күзөт компаниясына тиешелүү куралды алып кетишкен.

Алдын ала маалыматтарга караганда, каракталган акча бир канча май куюучу жайдын эки күндө тапкан кирешеси болгон. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: