super.kg logo

Ош. Транспорт башкармалыгы окуучулардын коомдук унааларда катталган көйгөйлөрүн чечүүнү убада кылды

 

Кечээ, 21-ноябрда Ош шаарындагы №52-мектепте шаардагы мектеп окуучуларынын арасында өткөн “Окуучунун жол көйгөйү” аттуу сынакта Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу борборунун жетекчиси Н.Курбанбаев жолдогу бир топ көйгөйлөрдү моюнга алды. Бул тууралуу шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты. 

“Маршруттардын айдоочулары окуучулардан жол акыны көбүрөөк алып койгон учурлары болуп жаткандыгын, же "балдарды батпайсыңар, жол акыны арзан төлөйсүңөр" деп албай койгон учурларын окуучулар азыр өздөрү көрсөтүп жатышат. Чындыгында эле мындай көйгөйлөр болууда, биз айдоочуларга эскертүү берип жатабыз. Дагы ушундай маселелер жаралса тезинен бизге кайрылыңыздар, сиздер менен биргеликте, сиздердин жардамыңыздар менен мындай көрүнүштөрдү болтурбоого аракет кылабыз”,- деди иш-чарада Н.Курбанбаев.

Аталган сынакта окуучулар мектепке барып-келүү убагында туш болгон маршруттук каттамдарда адамдардын батпай жатышын, кичи автобустардын албай кетип калышын жана айрым учурда жол акыны кымбат алып койгондугун сахналаштырып, кошумча бул көйгөй боюнча өздөрү даярдаган видеотүрмөктөрдү көрсөтүштү. Шаардык кеңештин токтомуна ылайык, Ош шаарында окуучуларга иш күндөрү жол акы 1 сом, эс алуу күндөрү 4 сомдон алынат. Шаарда жүргүнчүлөрдү тейлеген жалпы 600дөй кичи автобус бар. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.11.2014. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4-класска чейин бекер, андан жогорку класстардан 5 сомдон алуу керек!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: