super.kg logo

Cирияга согушка кеткендердин айылдаштарына дин кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

 

Ош облустук казыяты жана Араван райондук мамлекеттик администрациясы Араван районундагы жергиликтүү жамааттарга экстремизм, терроризм, сепаратизмге жол бербөө жана жаштарга Сирияга кетпөө жөнүндө түшүндүрүү иштерин биргеликте жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу кечээ, 21-ноябрда облустук казыяттан кабарлашты.  

Маалыматка ылайык, Араван районундагы Али Анаров айыл өкмөтүнө караштуу Беш-Карам айылында Араван районунун акими Шамил Артыков, Ош облустук казыятынын фатва бөлүмүнүн башчысы Абдилазиз Мавлянханов, райондун башкы имам-хатиби Саидбурхан Саидходжаев жана жергиликтүү айыл өкмөт башчылары жергиликтүү жамаатка түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Аким элдин арасына бузукулук жасагандар башка айылдан келгенин айтып, алардын идеологиялык бөлүп-жаруусуна жол бербөөгө чакырды. Мындан сырткары жергиликтүү тургундарды, ар бир ата-энени өзүнүн баласын катуу көзөмөлгө алып, тарбия иштеринде жоопкерчиликтүү болууга чакырды. Райондун башкы имамы С.Саидходжаев Сирияга кеткендердин басымдуу бөлүгү Араван районунда, анын ичинде Али Анаров айыл өкмөтүнөн болуп жаткандыгын айтып, айыл аксакалдарынан жаштарга түшүндүрүүдө көзөмөлдү катуу кармап берүүсүн суранды. Эскерте кетсек, мындай түшүндүрүү иштери башка айыл өкмөттөрдө да өтөт. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.11.2014. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эл журт баарыбыз балдарыбыздын эмне кылып жатканын козомолго алып сырдашып журсок ушундайлар болбосо к-к.мындай террористтер билимсиздиктен ата-эне конул бурбаса балага ушунун кесепети.балдарыбыз динге берилсе кандай китеп окуп жатат озубузда окуп жаман жолдон кайтарыш к-к
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: