Бүгүн Бишкекте Швейцариянын президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушат

Бүгүн, 22-ноябрда Бишкек шаарында “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев Швейцария Конфедерациясынын Президенти Дидье Буркхальтер менен жолугушуу өткөрөт. Иш-чарада өлкө башчылар эки тараптуу кызматтыштыкты жана анын перспективаларын талкуулашат.
Президент аппаратынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясы менен эки тараптуу мамилелеринин учурдагы абалы ырааттуу өнүгүп жаткандыгы менен мүнөздөлөт. Муну саясий диалогдордун үзгүлтүксүз болгондугу жана каржы-техникалык кызматташтыктын туруктуу өнүгүп жаткандыгы айгинелип турат. Бул эки мамлекеттин ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 14-февралында орнотулган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

