Швейцариянын президенти Алмазбек Атамбаевге Кыргызстандын тоолорунун бийиктигине суктанганын айтты





Бүгүн, 22-ноябрда Бишкекте "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Швейцария Конфедерациясынын Президенти Дидье Буркхальтер Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен жолукту.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Нургазы Аматов
Президент Атамбаев: "Сиздин келишиңиз биздин мамлекеттердин ортосундагы дипломатиялык мамилелеринин түзүлүшүнүн 20 жылдыгына туш келгендиги кубандырат. Бул иш сапар эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө түрткү болоруна ишенебиз",- деп кайрылды чет өлкөлүк кесиптешине.
Дидье Буркхальтер өз кезегинде: "Мен өмүрүмдө алгачкы жолу Кыргызстанга келип жатам. Өлкөңүздөргө учуп келе жатканымда өз мекениме келе жаткандай болдум. Анткени силерде да биздикиндей тоолор абдан көп экен. Тоолоруңар биздикинен кыйла эле бийик экенин көрдүм. Буга жараша эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүдө ниеттерибиз да жогору",- деп ой бөлүштү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
2

