super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: “Кыргызстандай тоолуу Швейцария учурда газга, нефтиге бай өлкөлөрдөн жогору турат”

 

“Кыргызстандай тоолуу Швейцария газга, нефтиге бай өлкөлөрдөн жогору турат”,- деди Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев. Муну ал бүгүн, 22-ноябрда Швейцария Конфедерациясынын Президенти Дидье Буркхальтер менен Бишкекте өткөн эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында айтты.

"Швейцариядан биз көп нерсени үйрөнсөк болот. Ал Кыргызстанга тоолору менен гана окшош эмес. Өнүгүү, калктын турмушунун деңгээли боюнча Швейцария газ, нефть, полиметаллдарга эң бай өлкөлөрдөн жогору турат. Бул мамлекетте бир адамга карата ички дүң продукциянын деңгээли 80 миң доллар. Кыргызстандыкы болсо 1400 долларга барабар. Жалпы ички дүң продукциянын жалпы көлөмү 100 эсе жогору",- деди Атамбаев.

“Швейцария өлкөдө эң негизи алтындын бар болгону эмес, калк жана туруктуулук маанилүү экендигин далилдейт. Бул өлкөдө 4 этникалык калк жашайт, 4 мамлекеттик тил бар. Мындан улам анын өнүгүүсүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, кызматташуу биз үчүн маанилүү. Швейцария бизге 20 жыл бою жардам көрсөтүп келет. Балыкты берүү эмес, балыкты кармоону үйрөтүү маанилүүрөөк эмеспи. Ошондуктан эки өлкөнүн ортосунда экономикалык долбоорлор ишке ашарына үмүттөнөбүз. Конкреттүү долбоор боюнча сүйлөшүү али эрте. Анткени мамлекеттик деңгээлдеги иш сапар 20 жылдын ичинде биринчи жолу болууда”,- деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: