super.kg logo
  Саясат  

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Швейцариянын президенти Дидье Буркхальтер менен жолугушту

 

Бүгүн, 22-ноябрда Бишкекте премьер-министр Жоомарт Оторбаев Швейцариянын президенти Дидье Буркхальтер менен жолугушту. Жолугушуунун башында Жоомарт Оторбаев Швейцария менен кызматташууга кызыкдар экенин айтты. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан билдиришти.  

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы Швейцариянын парламенттик демократия курууда тажрыйба алмашуу боюнча, 2015-жылы парламенттик шайлоо, 2017-жылы президенттик шайлоо болору тууралуу айтып, толук парламентаризм жана бийликти борбордон ажыратуу (децентрализация) пландары тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде Дидье Буркхальтер Швейцария шайлоону өткөрүүдө жана башка кырдаалдарда көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө  Швейцариянын жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун колдоосу астында бир катар долбоорлор ишке ашырылары тууралуу сөз болду. Анда экологиялык тең салмактуулукту, саламаттыкты сактоо жана айыл жергесиндеги калкты таза суу менен камсыздоо боюнча бир катар иштер аткарылат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: