super.kg logo
  Саясат  

Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму Кыргызстанда өтчү парламенттик жана президенттик шайлоодо жардам көрсөтүүгө даяр

 
Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ОБСЕ) Кыргызстанда 2015-жылы парламенттик жана 2017-жылы президенттик шайлоодо жардам көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Швейцариянын президенти, учурда ОБСЕнин жетекчиси Дидье Буркхальтер КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында билдирди.
"Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму шайлоо процесстери туура өткөрүлүшү үчүн байкоо миссиясын жүргүзөт. ЕККУ мындай жардам сураган мамлекетке колдоо көрсөтүүгө даяр",- деди Буркхальтер.
Мындан тышкары ал Кыргызстанда демократияны куруу аракеттерин Швейцария колдоп жаткандыгын баса белгиледи. "Швейцария Кыргызстанда бир топ пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга жардам көрсөтүп келген. Мындан ары да биз ушундай ишибизди уланта беребиз, анткени буга каалоо бар экенин көрүп жатам",- деп түшүндүрдү ал.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: