Лейтенант тапанча менен катардагы жоокерди атып алып, жарадар жоокер ооруканага жетпей каза болду
Лейтенант аскер кызматындагы жоокерге кокусунан ок чыгарып, ал ооруканага жетпей каза болду. Бул тууралуу КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 22-ноябрь күнү 23:55 чамасында 97632-аскердик бөлүктө кызмат өтөгөн лейтенант А.А.Турматов кокусунан тапанчадан ок чыгарган. Жаңылган ок келишимдик негиздеги жоокер Б.М.Көчөрбаевге тийип, анын ээги жана моюну жабыркаган. Жаракат алган жоокер шаардык ооруканага жетпей каза болгон. Натыйжада КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы тарабынан кызматтык изилдөө боюнча буйрук чыгып, материалдар тиешелүү органдарга тапшырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
2

Тунку саат 12де военныйлар эмес, гражданкадагылар да уктабайтта гаджеттерин чукулап, тем более военный киши службада болсо туну мн уктабайт. Эгер приказ келсе тун жарымда аялындын койнунда жаткан болсонда туруп барышка милдеттуусун.
Кайтыш болгон солдат ал куну нарядка тушкон ( наряд жонундо тушунук болсо эгер силерде), кокус аткан офицер магазинде ок бар экенин билген эмес, тагыраак айтканда пистолет башка офицердики, магазинин чыгарып ойношко
Эгер машинанды кокусунан уруп алсан, эмне акылы токтой элек 4,5 жашар баласынбы машинанды башкара албагыдай. Ошондой эле окта кокусунан атылган.
Иштин жонун билип-билбей талкуулай берген болбойт. Мен курсантмын, военный ситуациялардан тушунугум бар, келечектеги лейтенант